Москвада 15 жашар кыргызстандык кыз изделүүдө

13:55, 27 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Москва шаарында жашап жаткан Бегайым Райымбекова изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармакка жарыялашты.

Маалыматка караганда, Бегайым Райымбекова 25-декабрь күнү бала-бакчадан баланы алып келүү үчүн кеткен бойдон кайра үйгө келген эмес. Кыз 15 жашта.

Жакындары көргөн билгендерден маалымат берип коюну суранышат.