Депутат гендердик маселе боюнча ведомство түзүүнү сунуштады

11:46, 27 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Депутат Карамат Орозова өкмөттүн алдында үй-бүлө, балдар жана гендердик теңчилдик маселелери менен алектене турган орган түзүүнү сунуштады. Мындай демилгени бүгүн пленардык отурумда көтөрүп чыкты.

Айтымында, балдарды зомбулуктан коргоо маселеси азыр актуалдуу болуп турат. Буга акыркы убактагы 4 баланын өлүмү күбө.

«Ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Алар азыр алимент төлөөдөн баш тартмак турсун, кээде балдарынан дагы баш тартышууда. Өкмөт алдында бул маселелер менен алектене турган орган түзүүнү сунуштайм. Үй-бүлөдөгү тынчтыктан өлкөдөгү тынчтык башталат», -деди депутат.