Жаңы жылга карата кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

09:05, 27 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жаңы жылга карата кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
 
Кытай тараптын демилгеси менен 29-декабрдан тарта «Торугарт-автодорожный» жана «Иркештам-автодорожный» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
 

Ал эми 2-январдан тарта өткөрүү иши мурдагы калыбында улантылат.