Ошто каракчылыкка шектелген 3 кыз жана 2 бала тергөө абагына киргизилди

17:55, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында каракчылык менен тоноого шектелген 3 кыз жана 2 бала тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту аларды камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Жашы жете элек 2 өспүрүм кыз тергөө абагында бир ай, калгандары 2 ай отурушат.

Алар 21 жаштагы кыздын үйүнө кирип барып, бычак менен коркутушкан. Кылмышка шектүүлөр 1,5 миң доллар акча, телефон, куртка жана 13 миң сом акчаны алып чыгып кетишкен.