Мекендештер Голландиядагы кыргызстандык жоокердин мүрзөсүнө шам коюшту

17:20, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Голландияда жашаган кыргыздар кыргызстандык жоокер Яков Мамажаевдин күмбөзүнө шам коюшту. Бул боюнча 24.kg агенттигине голланд-кыргыз ишкерлер кеңешинин жетекчиси Жаркына Кошоева билдирди.

Анын айтымында, Рождество майрамынын алдында Голландияда жашаган кыргыздар Амерсфорт шаарына чогулуп, Уулу Ата-Мекендик согушта каза болгон жоокер Якув Мамажаевдин күмбөзүнө гүл коюп, шам жагышты.