Бишкекте автобус менен маршруттук унаа кагышты

16:06, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ШИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенц» менен № 9 автобус кагышкан.

Адамдар жабыркаган эмес. Унаалар айып аянтчасына токтотулуп, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.