05:06
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандык спортчулар киокошинкай-кан каратэ боюнча 2 медаль тагынды

Кыргызстандык спортчулар киокошинкай-кан каратэ боюнча Kazakhstan Open эл аралык мелдишинде эки медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Астана шаарында болду, ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 400 спортчу ат салышты. Кыргызстандын атынан 10 спортчу барган.

Рауль Каиров 60 килограммга чейинки салмак ченинде үчүнчү орунду ээледи. Ал эми 85 килограммдан ашык салмак чениндеги финалдык беттеште кыргызстандык спортчу Айдын Махмудов казак спортчусу менен беттешип,биринчиликти багындырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума