18:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Премьер-министр «Тумар» бийчилер тобуна каржылык колдоо көрсөттү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эрмек Кадыров башында турган «Тумар» бий тобунун мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле «Тумар» бий тобунун түзүлүшүн өбөлгөлөгөн бийчи Атай Өмүрзаков дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген белгилүү бийчилер Өкмөт башчыга өздөрүнүн чыгармачыл пландары жана ар-кыл эл аралык сынактарга катышуусу тууралуу айтып беришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, «Тумар» бий тобунун мүчөлөрү жана Атай Өмүрзаковж акыркы жылдары өздөрүнүн өжөрлүгү жана чеберчилиги аркылуу өлкөнү эл аралык сынактарда татыктуу көрсөтүп, жалпы мекендештерге үлгү болуп, Кыргызстандын даңкын алыска чыгарууда.

Өкмөт башчы бийчилердин жаштар арасында заманбап бийлерди жайылтуудагы салымын белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев «Тумар» тобунун мүчөлөрүнө кайрылып, чыгармачыл максаттарга жетишүү жолундагы кездешкен жашоодогу кыйынчылыктар жана сыноолорду татыктуу басып өтүүдөгү алардын кайратмандыгын баса белгиледи.

Премьер-министр бийчилерге мындан аркы чыгармачыл ийгиликтерди каалап, «America’s Got Talent» телесынагына катышуусу үчүн финансылык колдоо көрсөттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума