Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык юбилейине арналган китеп жарык көрдү

12:30, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык юбилейине арналган китеп жарык көрдү. Басылманын бет ачары бүгүн болду.

Фото

Аталган партиянын депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, китепке 2005-2007-жылдар аралыгындагы саясий маанилүү окуялар, макалалар, очерктер жана документтер киргизилди.

Депутат Наталья Никитенко китеп жеткиликтүү булактардан алынып жазылганын кошумчалады. Айтымында, окуянын катышуучулары, күбөлөрү маалымат беришкен. Өмүрбек Текебаевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу анын замандаштары жазышты.

Китеп 1 жарым миң нуска менен жарык көрдү. Ал сатыкка коюлбайт.