Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө шашылбоого чакырды

10:21, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө шашылбоого чакырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда айтып чыкты.

Айтымында, 2020-жылы парламенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн негизги Мыйзамына түзөтүү киргизүүгө карата мораторий аягына чыгат. «Бирок, Кыргызстанга кандай бакшаруу формасы туура келе турганын эл гана чечет», -деди ал.

«Биз өзүбүз эч нерсе алмаштыра албайбыз. Муну түшүнүү керек. Мындан сырткары түзөтүү киргизүү 2025-жылы керектелет», -деп кошумчалады фракция лидери.