Жаңы жыл. Бишкектин медициналык тез жардам борбору күчөтүлгөн режимде иштейт

10:05, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жаңы жыл майрамдарына карата Бишкектин медициналык тез жардам борбору күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«29-декабрдан тарта 7-январга чейин медициналык бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде иштеп баштайт. Тез жардам унаалары дары-дармектерди камдап, жетекчилердин нөөмөттөрү такталууда. Шаарда 38 медициналык бригада иш алып барат», -деп айтылат маалыматта.

Медициналык тез жардам борбору ушул жылдын 11 айында 143 миңден ашуун чалууларга кызмат көрсөткөн.