«Манас» аба майданынын айланасындагы тумандан улам бир канча каттамдар кармалды

09:20, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

«Манас» аба майданынын айланасындагы тумандан улам бир канча каттамдар кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, түрк жана кытайлык түнкү авиакаттамдар кийинки кечки убакытка жылдырылды. Стамбулдан келген каттам Бишкекке саат 14:55те келиши күтүлүүдө.

Шарм-эль-Шейхтин чартердик каттамы план боюнча аба майданга саат 9да конот.