Футбол. Кыргызстындын улуттук курама командасы Катардын командасынан утулду

09:16, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катардын курама командасынан утулуп калды.

Биздин футболчулар мурункудай эле Азия Кубогуна даярдануу үчүн Катарда машыгууларды өткөрүп жатат. 25-декабрда алар катардыктар менен текшерүү оюн ойноп, 1:0 эсебинде утулуп калды. Эки таратптын келишими боюнча мелдеш жабык түрдө өттү.

Фото

ФИФАнын азыркы рейтинги боюнча Кыргызстан 91-орунда, Катар 93-орунда турат. Катардык футболчулар дагы Азия Кубогуна даярдык көрүшүүдө. Ал эми дүйнө чемпионаты 2022-жылы Катарда өтмөкчү.