Бүгүн Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

08:48, 26 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде жок болот:

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Дордой конушунда;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Орозбеков, Саадаев, Тоголок Молдо көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Хайдаркан туюк көчөсүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Рухий-Мурас конушу;

Саат 13:00дөн 15:00гө чейин 6-кичи райондогу № 25, 26, 27 үйлөрүндө;

Саат 9:30дан 12:00гө чейин 11-кичи райондогу № 26, 27 үйлөрүндө;

Саат 16:00дөн 17:00гө чейин 5-кичи райондогу № 68-72, 56А үйлөрүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Малдыбаев көчөсүндөгү № 16, 18 үйлөрүндө;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Медеров, Панфилов, Кызыл-Алма, Көк-Сай, Манас, Мост көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 9:30дан 20:00гө чейин Панфилов, Лев Толстой, Түлөбердиев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Садырбаев, Валдайский, Курчатов, Репин көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик конушунда электр жарыгы өчүрүлөт.