05:44
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Быйыл ЕБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу Орусияда азык-түлүк 3,3 эсе тез кымбаттаган

Орусиянын Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматына караганда, быйыл январдан ноябрга чейин өлкөдө азык-түлүк баасы Европа биримдигине салыштырмалуу 3,3 эсеге тез жогорулаган.

Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Орусияда азык-түлүк 3,3%, ал эми ЕБ өлкөлөрүндө 1% кымбаттаган.

Мекеменин маалыматы боюнча ноябрь айында өлкө дүкөндөрүндө баалар дароо 1,2% жогорулаган. Ошол эле маалда ЕБде азык-түлүк 0,1% арзандаган.

Орусияда жыл башынан бери баарынан да эт, шекер, шоколад, сүт азыктары, сыр жана жумуртка кымбаттаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби