Кримтөбөлдүн бажасы депутат болот

14:53, 25 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Музаффар Исаковдун ордуна Өмүрбек Бакиров депутат болот. Маалыматты БШК ырастады.

Өмүрбек Бакиров мурдагы чакырылыштын дагы депутаты болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, ал кримтөбөл, маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган бажасы болот.

Эске салсак, Музаффар Исаков кечээ, 24-декабрда өз каалоосу менен депутаттыгын тапшырууга арыз жазган.