Роза Отунбаева президенттен Өмүрбек Текебаевди актоону суранды

14:30, 25 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

«Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештен Алмазбек Атамбаевге жана анын тобуна карата ачык сын айтып турган. Алмазбек Атамбаев андан өч алуу максатында кылмыш иши козгоду», — дейт ал.

Роза Отунбаева парламенттеги фракция лидерлеринен анын кайрылуусун колдоону суранат.

Өмүрбек Текебаев жемкорлук айыбы менен 8 жылга соттолгон. Сооронбай Жээнбеков ага эгер саясатчы өзү суранса ырайым кыларын айтты. Ал эми «Ата-Мекен» лидери президенттен ырайым суроодон баш тартууда.