Ысык-Көл районундагы жол кырсыктан улам 2 киши каза болуп, 4 киши жабыркады.Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык 24-декабрда саат 23:45 чамасында Балыкчы—Чолпон-Ата—Каракол унаа жолунун 60-чакырымында катталган. Анда «Хонда-Степ» жана «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракаттарды алышкан.
ӨКМдин № 31 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.