Бишкек шаарында батирдин ичинен 79 жаштагы аялдын сөөгү табылды

11:15, 25 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында батирдин ичинен 79 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-декабрь күнү саат 11:15де ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Исанов көчөсүндө жайгашкан № 2 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинде 1939-жылы туулган Л.Л.А. аттуу аял кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.