08:38, 25 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте айлана-чөйрөнү булгаган унаалардын айдоочуларына айып салынат. Бул тууралуу автоинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу инспекциясы биргеликте абаны жол берилген ченемден тышкары булгаган унааларды аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Максаты унаалардын абаны булгоосун төмөндөтүү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен унаалардын айдоочулары административдик жоопкерчиликке тартылат.