Жаңы жылдык эс алуу бир жумага уланат. Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду.
Ага ылайык, 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январында эс алып, 8-январда жумушка чыгышат.
Ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майында дагы дем алыш болот. 25-февралдагы дем алыш 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш 3-январга которулуп, 2-сентябрь ордуна 4-январь, 6-май ордуна 10-май иш күнү болуп белгиленди.
Ал эми 2018-жылдын 31-декабры жумуш күнү бойдон калат.