USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Балдардын өлүмү. Ысык-Көлдө сабалган 1 жарым жаштагы наристе чарчап калды

10:46, 24 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда тургун 1 жарым жаштагы баланы өлтүрө сабап салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондун прокурору Мирлан Аширбаев билдирди. 

Айтымында, бала аймактык ооруканага 23-декабрда келип түшкөн. Ал ооруканага келгенде тирүү болчу.

«Бүгүн түнү наристе каза болду. 21 жаштагы энеси Москвада экен, ал баласын туугандарыныкына таштап кетиптир. Кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешеси бар тууганы кармалды», -деди Мирлан Аширбаев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18