Бүгүн борбор калаанын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

08:52, 24 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн борбор калаанын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан маалымдашты.

Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Рухий-Мурас конушунда;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Абдрахманов, Кожомкулов, Гастелло, Чехов, Васильев, Түлөбердиев, Тоголок Молдо, Лев Толстой, Панфилов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Дордой конушунда;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Табышалиев, 40, Токтогул, 200 үйүндө;

Саат 9:30дан 14:00гө чейин Төкөлдөш конушунда электр жарыгы өчүрүлөт.