Бүгүн Бишкектин бир катар аймактарында жаратылыш газы үзгүлтүккө учурайт

08:48, 24 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин бир катар аймактарында жаратылыш газы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, авариялык жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 5 күнгө чейин төмөнкү даректерде газ берилбейт:
 
24-28-декабрда Бишкек шаарынын Курманжан Датка, Чоң Чүй каналы, Лермонтов, Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
 
24-26-декабрда Махатма Ганди, Можайский, Манас проспектиси, Васильев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө;
 
24-25-декабрда Орто-Сай айылынын Ала-Арча шаарчасында газ берилбейт.