Көгүлтүр от. Роза Шакирова КТРКнын жаңы-жылдык тизмесинен чыгарылган эмес

14:42, 21 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ырчы Роза Шакирова КТРКнын «Көгүлтүр от» берүүсүнө тартылат. Бул тууралуу КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Ал Роза Шакированын жаңы-жылдык берүүлөрдүн тизмесинен чийилгенин жокко чыгарды.

««Көгүлтүр от» программасына баардык «заслуженныйлар», «народныйлар» дегиле башка залкарлардын баардыгы тартылат. Өзгөчө эмгеги элге өткөн залкарлар ырчылардын саны 180ден бир аз ашат экен. Ал эми дегиле атактуу, белгилүү ырчыларыбыздын саны 800дөй. Берүүгө ким катышарын мен тандабайм. Анткени бул чөйрөнү жакшы билбейм. Атайын түзүлгөн топ тандап, мага тизмени беришет.  Мен аны кыңк дебестен бекитип берем», — дейт Илим Карыпбеков. 

Фото

Ырчы Роза Шакирова өзүнүн интернет баракчасына Илим Карыпбеков жыл сайын аны «Көгүлтүр от» берүүсүнө катыштырбай бут тосуп жатканын жазган.