23:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кара түтүн каптаган шаар. Аткаминерлер Бишкектин абасын тазалай алабы?

Дүйнөнүнүн ири шаарларындагы экологиялык абал боюнча иликтөөлөргө таянсак көк түтүн каптаган шаар тургунун өпкөсү чылым чеккен кишинин өпкөсүнөн өтө деле айырмаланбайт. Андан шаарлардын катарына Бишкек дагы кошулду шекилди.

Бишкек  өпкө оорусу боюнча алдыда

Ордо кааланы каптап турган түтүн чет элдик меймандардын таң калуусун жаратпай койбойт. Шаар тоо койнунда жайгашканына карабай экологиясынын азыркы абалы өзү эле кызык.

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюмунун маалыматында, Кыргызстанда жүрөк, өпкө, кан тамыр жана шишик илдети көбөйдү. Мындай дарттарга чалдыккандардын арасында балдар дагы бар. Кыргызстан дагы эле эрте өлүм боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда турат. 

Даарыгерлердин билдирүүсүндө, өпкө оорусу менен ооругандардын саны Бишкек шаарында басымдуу. 

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюмунун маалыматында, ордо кааланын атмосферасындагы уулу заттардын өлчөмү жалпы ченемден 10 эсе көп.

Тилекке каршы, экологияга жооптуу мамлекеттик кызматкерлер бул тууралуу билишпейт. ПРООНдун билдирүүсүндө, тийиштүү кызматтар 1990-жылдан бери атмосферанын тазалыгын ченешкен эмес. Анткени, алардын жабдуусу жана тажрыйбасы жок. Алардын ордуна ишти бейөкмөт уюмдар жана ЖОЖдор аткарып келет.

Кыргыз-Орус Славян университетинин активисттери жана MoveGreen уюмунун жардамы менен өткөн кышта Бишкектин абасы Пекиндикине жеткендигин билдик. Кытайдын борборундагы экологиялык кырдаал дүйнөгө маалым. Пекиндиктер айлап беткапчан жүрөрү дагы белгилүү. 

Абадагы уулу заттар кайдан пайда болду?

Бишкекте гана эмес, республикадагы ири ишканалар көптөн бери эле токтогон. Алардын ордун ууналар, түтүнүн буркураткан мештер жана өз алдынча күйүп, түтөп жайылып жаткан таштанды талаалары пайда болду. Бул жерде Бишкек жылуулук станциясынын дагы салымы зор.

Андан тышкары, шаардын ичиндеги башаламан курулуш дагы абаны тазалоого жолтоо болууда.

Анткен менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттиги шаарда аба-ырайы ченемде экендигин кайталап келет. Бирок, алардын бүтүмүнө карабай дагы эле дем алуу оор.

Акыры абанын ахыбалы жогор жакка жетип, эки апта мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чара көрүү керектигин айтты. Ал жер тамдарды, коомдук транспортту газга которуп, шаарды жашылдандыруу зарылдыгын белгиледи.

Экологияга акча бар 

Тезарада комплекстүү иш-чара кабыл алып, абаны тазалоого киришүү керектиги айдан ачык. Ал үчүн акча да табылат. Мисалы, экологиялык кызматтардын бюджетине 50 миллион доллар салып койсо болот. Бул сумманы «Центерро» компаниясынын Жаратылышты коргоо фонду 2017-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстанга бөлүп бере алат. Эгер кыргыз өкмөтү инвестор менен оюн шарттын өзгөртпөсө, бул каражат эсепке которулат.

Албетте бул жерде «бөлүнө турган акча максаттуу колдонуулабы?» деген суроо туулат. Маселени чечүү үчүн мамлекеттик мекемелердин ишин өзгөртүп, багытын туура жакка буруу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар