Таштанды бала. Милиция наристени ким таштаганын айтты

14:10, 20 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Бурана айылынын аялдамасынан табылган бир жарым жашар баланы ким таштап кеткенин милиция аныктады. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, баланы 10-декабрда табышкан. Кийин тиешелүү орган кызматкерлери баланын энесинин өздүгүн аныкташты. Ал Ысык-Ата районунун 23 жаштагы тургуну болуп чыкты. Аялдын 3 баласы бар, жарандык никедеги жолдошу менен 1 жыл мурун ажырашып кеткени анык болду.

«Каражаттын тартыштыгынан кичүү баласын мурунку жолдошуна берген. 10-декабрда аял баланы атасынын үйүнө алып келген, бирок ал баланы алуудан баш тарткан. Баланын чоң энеси ошол эле күнү 1 жарым жашар наристени айылдын аялдамасына таштап кетип, милицияга таштанды бала тууралуу кабар берген», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эске салсак, 10 күндөн бери бала Чүй облустук ооруканасында балдар бөлүмүндө жатат деген маалымат тараган. Бүгүн аны Токмоктогу атайын реабилитациялык борборго которушту.

«Ата-энесинде баланын документтери жок. Балким аны балдар үйүнө тапшырышат. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген соң, ата-энесине кайтарылат», -деп билдиришти Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен.