Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

09:08, 20 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчөт:

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Кызыл-Куруучу, Тынчтык конушунда;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Күрөңкеев менен Табачный көчөлөрүнүн кесилиши;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Ибраимов, Кузнечная крепость, Үсөнбаев, Күрөңкеев, Мичурин көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Жибек Жолу проспектисинде;

Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Көк-Жар конушундагы Көк-Жайык, Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Рухий-Мурас конушундагы 1-4-көчөлөрүндө;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Токтогул көчөсүндөгү № 200 үй, Турусбеков көчөсүндөгү № 41 үйүндө;

Саат 12:00дөн 17:00гө чейин Ак-Өргө конушундагы От-Араба, Камбаркан, Жетиген, Үркөр, Молдо Нияз, Саадак, Бекен, Кара Чоро, Казыбек, Кырк Чоро көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Ак-Өргө конушундагы Бекет, Алыкулов, Аймончок көчөлөрү, Тоголок Молдо, Ананьев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Жол туюк көчөсүндө;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Тынчтык жаңы конушунда;

Саат 9:30дан 12:00гө чейин Гагарин, Балтагулов, Шота Руставели, 3-линия көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Кожомкулов, Абдрахманов, Северная, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Шушинский туюк көчөсүндө;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Күрөңкеев, Исанов, Ташкент көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Лейлек туюк көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт.