16:15, 19 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын кызматкерлери адам уурдаганга шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
«Кылмышка шектүүлөр жарандан 50 миң доллар талап кылышкан. Алар 2 миң долларды тез ара таап беришин талап кылып, үйүнүн ачкычын тартып алышкан. Кылмышка шектүүлөр жаранды өлтүрөбүз деп коркутушкан», -деп билдиришти ИИМден.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.
Атайын операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар жаранды барымтада ижарага алынга үйдө кармашкан. Колго түшкөн 3 жарандын экөө буга чейин соттолгондугу аныкталды.