15:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Коопсуз шаар» . Долбоордун биринчи этабын 12-майда бүткөрүү пландалууда

Парламентте «Коопсуз шаар» долбоору талкуулануда. Депутаттар долбоордун биринчи этабы качан бүтөт жана канча аппарат комплекси алынып келинет деп кызыгышууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпысынан 110 аппарат комплекси келиши керек деди.

«Биринчи этапта Бишкекте видеокамералар орнотулат. Шаарда 48 комплекс, Чүй облусунда 20 комплекс орнотулат. Калгандары көчмө комплекстер. Кечээ анын 37си алынып келинди. 12-майда ишти аяктоону пландап жатабыз. «Вега» компаниясы экинчи этапты ишке ашырабы же жокпу азырынча белгисиз», -деди Кубатбек Боронов.

Депутат Акылбек Жапаров бааны атаандаштардан 6 миллионго көп көрсөткөн компания тендерде утуп алганына нааразы болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби