Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы жолу журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт.
Маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, мамлекет башчы менен жолугушууга 85 ЖМКнын 175тен ашуун өкүлү келет.
Өлкө башчыга кезекке туруп суроо берүү салты быйыл өзгөрдү. Журналисттер алдын ала жазылып, суроо берүүгө камданышы керектелет. Бул ЖМК өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты.
Тартышуудан кийин журналисттер жазылбай эле кезекке туруп суроолорду узатмай болушту. Жыйынтыктоочу жыйынга оппозициялык басылмалардын журналисттери дагы катталышкан.
Пресс-конференция ссат 1де башталат, мамлекет башчы суроолорго 12 жарымдан баштап жооп берет.