Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны өстү

09:35, 19 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрдан 16сына чейин мурунку жумага салыштырмалуу бейтаптардын саны 16 пайызды түздү. Баардыгы болуп 9 миң 77 учур катталды.

Аталган оору менен жабыркагандардын санынын өсүшү декабрда башталып, январь-февралда күч алат.

Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция- вирустук оорулардын тобу. Ал жогорку дем алуу жолдорун жабыркатат. Бул ооруга сасык тумоо, парагрипп, респиратордук-синцитиалдык инфекция кирет. Оору аба жолдору менен жугат. Оорунун белгилери болуп мурундун бүтүшү, тамактын кычышуусу, жөтөл, чыйрыгуу, баш оору, булчуңдардын ооруксунуусу, ичтин өтүшү, кусуу эсептелет.