Ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланган

13:44, 18 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланган. Бул тууралуу Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов, Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Аталган комитет алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыратташтырууга багытталган «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Демилгечи — депутат Максат Сабиров болду.

Демилгечинин айтымында, 2017-жылы «Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» жаӊы мыйзам ишке киргизилип, «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө» мыйзамы күчүн жоготкон. Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер толуктоо зарылдыгы келип чыкты.

«Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө», — деди Максат Сабиров.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар алимент төлөбөгөн адамдардын көбү Россияда качып жүргөнүн белгилешип, аларды издөө жолдоруна кызыкты.