Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда кар көчкү түштү

11:01, 18 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда саат 06:00 чамасында жааган кардын кесепетинен Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-100-чакырым аралыгында көлөмү болжол менен 1000м3 жана 88-90 чакырымында көлөмү 500 м3 кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган унаа жол бир тараптуу жабылган.

Унаа жолду тазалоого тиешелүү кызматтан 5 техника тартылган. Кошумча маалымат берилет.