USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

«Айка» тасмасы Оскар премиясына талапкер болгон 9 кыска тизменин арасына кирди

10:06, 18 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Режиссер Сергей Дворцевдин «Айка» тасмасы «Мыкты чет өлкөлүк тасма» номинациясы боюнча Оскар премиясына талапкер болгон 9 кыска тизменин арасына кирди. Бул тууралуу Тенгриньюс сайты жазды. Тасма Казакстандын атынан катышат.

Ага атаандаш болуп мексикалыктардын «Рим», жапондуктардын «Дүкөн уурулары», польшалыктардын «Муздак согуш», ливандыктардын «Капернаум», немецтердин «Көзүңдү ала качпа» тасмалары орун алды.

Сыйлык боюнча 5 номинант 22-январда жарыяланат. Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи 24-февралда болот.

«Айка» тасмасында Москвада мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык эмигрант тууралуу тартылган. Анда баш ролду Казакстындын актрисасы Самал Еслямова аткарган. Канн фестивалында ал «Аялдын ролун эң мыкты аткарган» деген наамды алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18