Кыргыз-казак чек арасында жаңы чек ара бекеттери ачылды

08:39, 18 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Жамбыл облусундагы Кордай районунда эки жаңы чек ара бекети ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, № 2038 аскер бөлүгүндөгү «Енбек» жана «Жасылтобе» бекеттеринде модулдук комплекстер курулуп, пайдаланууга берилди.

Анда жоокерлердин аскердик даярдык көрүүсү жана профессионалдык чеберчилигин жогорулатуусу үчүн бардык шарттар каралган.