Кипрде кыргызстандык өспүрүм минага жарылып набыт болду

15:35, 17 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Кипрде кыргызстандык өспүрүм минаны басып алып курман болду. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 13 жаштагы өспүрүм Мевлеви айылында эски темир-тезектерди чогултуп жүргөн кезинде минаны басып алган. Ал үй-бүлөсү менен жакында эле Кыргызстандан барып, сарайда мал багып күн көрүп жатышкан.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Кипрдин түндүк аймагында бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет. Көбү тейлөө тармагында, казинолордо, ресторандарда иштеп жатканы айтылат.