Кыргызстан-Тажикстан чек арасында жер титирөө катталды

11:11, 17 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Кечээ саат 19:20да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында 4 баллга, Достук айылында 3,5 баллга, Кулунду, Кайрагач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.