09:48, 17 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эртең Кыргызстанга келет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында Ош шаарында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арага жакын облустарынын башчыларынын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин экинчи отуруму өтөт», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, эки өлкөнүн чек аралаш облустарынын башчыларынын Кеңешинин биринчи отуруму март айынын аягында Ферганада өткөн.