Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын Коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы 17-декабрдан 21ине чейин төмөнкү аймактарда берилбейт:
- «Красный строитель», «Керамический», «Кайыңды» жаңы конуштарында;
- Төмөнкү Ала-Арча айылы (Андижан, Логвиненко, Биринчи Май, Зеленая, Колхоз, Кыргыз, Белинский, Коллективная көчөлөрү; Аул, Новосельская, МЧК);
- Аламедин айылы (Гидростроительная, Алма-Ата, Набережная, Иваницын, 60; Кожожаш, Гоголь, Школьная, Панфилов көчөлөрү);
- «Шин-Лайн» ЖЧКсы, ат спорту мектеби, «Красный строитель».