Бүгүн Бишкектин бир нече аймагында электр жарыгы жок болот

09:01, 17 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин бир нече аймагында электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчөт:

09.30-14.00 — Көк-Жар конушундагы Горький менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;

10.00-18.00 — Дордой конушу;

12.00-16.00 — 3-кичи райондогу № 1-7 үй;

09.30-12.00 — 11-кичи райондогу № 5, 6, 9/1 үйлөр;

09.00-17.00 — Патрис Лумумба көчөсүндөгү № 68-74, № 92-72 үйлөр;

09.30-18.00 — Ак-Өргө конушундагы Аймончок көчөсү;

13.00-17.00 — Москва, Турусбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Шевченко туюк көчөсү;

09.30-12.00 — Токтогул, Үмөталиев, Тимирязев, Сыдыков көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-18.00 — Каарман, Алтай туюк көчөлөрү;

09.30-17.00 — Васильев көчөсүнүн бир бөлүгү, Жол туюк көчөсү.