Ош базарында башаламан соода жоюлат. Фоторепартаж

16:21, 14 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ош базарында башаламан соода жоюлат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин райондук акимиатынын кызматкерлери Бейшеналиева, Киев, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөрүн жок кылышууда.

Рейддин жүрүшүндө райондук кызмат жана милиция санитардык талапка жооп бербеген көрүнүштөргө күбө болушту. Тартип сакчылары 30дан ашуун административдик протокол түзүштү.