USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Дүйнөлүк банк «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн каражат бөлөт

16:03, 14 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк банк «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Айтымында, каражаттын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат.

Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Долбоор 4 компоненттен турат: (1) Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү; (2) Санариптик платформаларды жана «акылдуу» чечимдерди өнүктүрүү; (3) Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү; (4) Программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.

Эске салсак, «Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика