Токмокто кудуктун ичинен эркек кишинин сөөгү табылды

11:17, 14 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарында кудуктун ичинен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-декабрда саат 14:46да ӨКМдин № 21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Жантай көчөсүндө жайгашкан кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Каза болгон жарандын өздүгү такталууда.