09:21, 14 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын коменданттык кызматынын бөлүм башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-декабрда бөлүм башчынын орун басары 18 миң сом пара алып жатканда кармалды.