Дарья Маслова турмушка чыкты

08:49, 14 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Азия оюндарынын жеңил атлетика боюнча жеңүүчүсү жана Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслова турмушка чыкты. Бул тууралуу Турмуш агенттиги жазды.

Фото
Жөө күлүк 13-декабрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

23 жаштагы Дарья Маслованын жолдошу — Александр Бакалов. Алар 4 жылдан бери сүйлөшүп келишкен.


2018-жылдын жай мезгилинде Индонезияда өткөн Азия оюндарында Дарья Маслова эки медаль багындырган. Анда Александр Бакалов анын колун суроо нитети бар экенин билдирген.

«Албетте, мен ага турмушка чыгууга даярмын. Ал мени 4 жылдан бери күтүп келет. Мелдештерде дайыма колдоо көрсөтүп турат», — деген Дарья Маслова.