16:23, 13 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Коеналиев Жоошбек Кармышевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.