«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ооруканага жаткырылды

15:06, 13 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий уюмдун катчылыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаев №47 түзөтүү колониясынан Улуттук кардиология борборуна которулду. 

Дарыгерлер ага инфарктка чейинки абал деген диагноз коюшту. Ага буга чейин аритмия деген диагноз коюлган болчу. Дарыгерлердин пикиринде, Өмүрбек Текебаев дайыма көзөмөл алдында болушу керек.