Балдардын эс алуусуна профсоюздардын бюджетинен бул жылы 72 миллион сом корогон

12:18, 13 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Вице-спикер Мирлан Бакиров профсоюздар федерациясын сынга алды. Айтымында, аталган уюм 250-270 миллион сом алып, бирок аны кайда жана эмнеге коротуп жатканы белгисиз. Мирлан Бакиров федерациянын ишмердүүлүгүндө көптөгөн эреже бузуулар бар деди.
 
Анын айткандарына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова макул болду.
 

«Даттануулар абдан көп, бул чын. Акча жана жолдомолор боюнча. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жолдомо алышпайт, эс алууга жыл сайын белгилүү бирөөлөр гана барышат», -деди ал.

Мирлан Бакиров ведомстволор аралык комиссия түзүп, профсоюздар федерациясынын мындан аркы тагдырын чечүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, балдардын эс алуусуна профсоюздардын бюджетинен бул жылы 72 миллион сом корогон.