Бүгүн Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыкта 3 киши набыт болду

09:09, 13 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкек—Ош унаа жолунун 307-чакырымында «Мицубиси Делика» үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу «Мерседес-814» унаасынын алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен үч киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеңил унаанын ичиндеги 5 киши Чаткал районунун тургундары болушкан.

Кырсыктын кесепетинен 3 киши каза болуп, дагы 2 жаран ооруканага жеткирилди. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жеңил унаанын айдоочусу уктап кетип, оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен.